super.kg logo
  Саясат  

"Булбулдай сайраган талапкер". Садыр Жапаров шайлоо алдында мектеп окуучуларын колдонуп жаткан талапкерлер бар экенин айтты

 

Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Анда президент отурумдун аягында сөз сүйлөп парламенттик шайлоо тууралуу кеп салды.

"Аттарын айтсам туура эмес болуп калат. Бир талапкер мектеп окуучуларын колдонуп, суракка барып жатат. Ошол талапкер мыйзамдуулукту, коррупциянын тазаланып жок болушу боюнча булбулдай сайрайт. Бирок өзү ушул жолго барып жатат. Сындаганды билсең, өзүң сындалбаганга аракет кылышың керек да.

Жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо трибунадан баягыдай эле шайлоо болуп жатат деп кыйкырып жатышат. 3 жарым миллион шайлоочунун артынан аңдып жүрө албайт экенсиң да. Бир саатка жетпей ошол талапкердин партиясынын кишиси добуш сатып алуу боюнча өзү кармалып калып жатат. Саясатчылар, блогерлер, журналисттер чыныгы ниети менен күрөшүп жатса анда өздөрүнөн башташсын", - дейт Жапаров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: