Бүгүн, 13-ноябрда Иордания-Уругвай, Мексика-Жаңы Зеландия командалары Дүйнө чемпиондугунун жолдомосу үчүн беттешет
	
			
			Бүгүн, 13-ноябрда футбол боюнча
2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында континенттер
аралык оюндар болот. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет. 
 
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Максат Кудайбердиев
												 
			
	
	Анда Түштүк Америкадагы тандап  алуу турунда 5-орунду ээлеп калган Уругвай
менен Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу турунда 5-орунду ээлеген Иордания курама
командасы беттешет. Иорданиядагы беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө
башталат. 
Дагы бир континенттер аралык
беттеш Мексика менен Жаңы Зеландиянын ортосунда болот. Бул оюн түнкү саат 02:00дө башталат. Ал эми жооптук оюндар
20-ноябрда өтөт. 2 оюндун жыйынтыгында 2 жолдомонун ээлери белгилүү болот.  
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














