super.kg logo

Бишкек-Ош жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы айтылды

 

Бүгүн, 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болгон.

SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Алтынбек Тенгизбаев кырсыктын чоо-жайын айтып берди.

"Үрөй учурган жол кырсыгы бүгүн, 16-ноябрь күнү саат 11:30дар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон. Анда жүк ташыган унаа менен эл ташыган Спринтер унаалары сүзүшкөн. Алардын артынан Daewoo Nexia унаасы барып сүзүлгөн. Натыйжада эл ташыган унаадан 7 адам жеринде каза болгон. Калгандар ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда жеринде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Ал эми каза болгондордун аты-жөнү тактала элек. Ошондой эле 3 унаанын тең айдоочулары учурда ооруканада.

Алдын ала маалыматтарга караганда эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
16.11.2021. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Спринтер, степвагондор өзү кату жүрүшөт. Жүз болбосо да 70-80% айып ошолордо болот!!!
16.11.2021. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи Өзгөндөн Ошко чейинки жол тар салынып калган стандартка жооп бербейт,аны ошол кездеги трансп.министир(к.жумалиев)күноолу.
16.11.2021. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эненди урайын спринтердин айдоочулары капа болбогула бирок эшексинер копчулугунор,только встречкада журосунор,мал жуктоп алгансып дайыма каттуу ылдамдыкта журосунор айбандаар!!
17.11.2021. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын законун киргизиш кк, айып кылса правасын алып озун соттош кк
17.11.2021. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөздүн кыскасы бизге Европадагыдай ылдамдыкка чектөө киргизиш керек. Эл ташыган унаалар Степ,спринтер унааларына саатына 80км деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: