Надира Нарматова “жөлөк пул тууралуу мыйзамды колдойлу, акча табуу менен өкмөттүн башы оорусун” деди
Депутат Надира Нарматова парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында жөлөк пул боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Айтымында, пенсияны үй-бүлөнүн кирешесине кошуу туура эмес. “Ата-энелер балдарын бакканы аз келгенсип, алган кичине пенсиясы менен неберелерин да багууга милдеттүү эмес. Мыйзам долбоорун колдойлу, калганын өкмөт чечсин. Акчаны кайдан табуу менен өкмөт баш оорутсун”,- деди.
Башка депутаттар үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө муздаткыч, сыналгы сыяктууларды эсепке алуу уят нерсе экенин айтышты.
Сунушталып жаткан мыйзам ата-энеси менен чогуу турган жарандардын балдарына да жөлөк пул төлөп берүүгө жол ачат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

