Бишкекте көмүрдү арзан баада саткан дагы бир кампа ачылды. Дареги

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштады. Ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан көмүр сатылмай болгону менен алуучулардын көптүгүнөн улам чектөө 1 жарым тоннага өзгөрдү.
Көмүр алабыз дегендердин саны арбын болгондуктан кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" ишканасынан маалымдашты.
"Кошумча ачылган кампадан көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алса болот. Дареги Мурманская көчөсү, 30Б. Муну менен учурда эки кампада тең көмүр сатылууда", - дешти ишкананын маалымат кызматынан.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Эмне үчүн баарына бирдей мамиле жасабайсыңар Кызыл Кыя шаарында Көмүрдүн баасы 7000 сомдон.