super.kg logo

Азербайжан менен Армениянын чек арасында кайрадан куралдуу кагылышуу болуп, абал курчуганы айтылды

 

Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы абал шейшемби күнү курчуп кетти. Армениянын Коргоо министрлиги кагылышуу учурунда каза болгондор катталганын маалымдап, Баку өкмөтүн чек араны бузууга айыптады. Азербайжан өкмөтү өз учурунда Арменияны айыптап жатат деп чет элдик ачык булактар жазышат.

Маалыматка ылайык, 8-15-ноябрда чек арада куралдуу кагылышуулар орун алган. Учурда бул кагылышуу күч алды.

"16-ноябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги чек арада Армения тарап жардыруучу каражаттарды, ак атуучу куралдарды колдонгонун, анын кесепетинен эки аскер кызматкери жарадар болгонун маалымдады.

Өз кезегинде Ереван саат 16:00гө карата чек арадагы абал курч бойдон экенин, курман болгондор жана жарадар болгондор бар экенин билдирген", - деп айтылат маалыматтарда.

Ошондой эле айрым басылмаларда Армениянын 12 аскер кызматкери Азербайжандын аймагында туткунга түшкөндүгү айтылат.

Армения өкмөтү өлкөнүн коопсуздугун жана көз карандысыздыгы сактап калууга Орусиядан жардам сурап, кайрылуу жөнөтүшкөнү да кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2021. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эртеби кечпи чек араны тактап албасаң кыргыз тоджик так ушундай болот бул нерсе эч кимге жакпайт кудайга да жакпайт бирок адам баласына ишениш жок Армения 1977 жылдагы картага таянып биздин жерге кирип келди деп атат ал жер негизи Азербайжанга караган 1970 жылы Армения басып алган жерлерин Азербайжан талашып бошотуп жатат бул жерде ушул саясат ойноп жатат менин ойумча
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: