super.kg logo

Сокулукта өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

 

Чүйдүн Сокулук районунда өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Новопавловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы жарандын аты-жөнү такталып, кармалган. Ал 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жаран болгон жана эч кандай ички иштер органдарында иштебей тургандыгы аныкталып, ал жасалма кызматтык күбөлүк жасап алганы маалым болгон.

Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы башка фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү дарыканаларга кардар болуп кирип, психотроптук дары сатып алуучу болуп, дарыны алган соң тиешелүү кагаздарын сурабай сатып жатканын айтып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жүргөн. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит аткандай кылып атып салгыла жетимди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: