super.kg logo

Бишкектеги эки мектепти оңдоп-түзөөдө мамлекетке 6 миллион сомго чукул зыян келтирилгени аныкталды

 

Бишкектеги эки мектепти оңдоп-түзөөдө мамлекетке 6 миллион сомго чукул зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Борбор шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2017-жылы Бишкек шаарындагы №46 орто мектебин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 миллион 268 миң сомду сунуштаган “Д.” ачык акционердик коомунун филиалы табылып, ал эми 4 миллион 659 миң сом сунуштаган “М.К.Дж” жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган. Натыйжада, мамлекетке келтирилген зыян 609 миң сомду түзгөн", - деп билдиришти прокуратурадан.

Мындан тышкары, аталган объект боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары “Д.” акционердик коомунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 миллион 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.

Ошондой эле 2017-2018-жылдары “И.Т.” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкек шаарындагы №10 орто мектепте 31 миллион 346 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жасалбаган иштер үчүн 2 миллион 214 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн жумуштарды кабыл алышкан.

Башкача айтканда, борбор калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштерин кабыл алууда мамлекетке 5 миллион 830 миң сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, тергөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен мамлекетке зыян келтирилсе кылмыш иши ачылатда, жонокой адамдын чонтогуно зыян келтирсе ачпайсынар!!!!!?????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: