super.kg logo

COVID-19. Медицина кызматкерлерине октябрь айы үчүн кенемте төлөндү

 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду COVID-19 менен күрөшкөн дарыгерлердин октябрь айы үчүн компенсациясын төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Белгилүү болгондой, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду октябрь айы үчүн жалпысынан 44 миллион 396 миң 84 сом бөлгөн.

"Октябрь айында Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коронавирус менен күрөшкөн 3 миң 931 кызматкерине компенсация берилди. Анын ичинен 825 дарыгер, 1 миң 599 орто, 535 кичи медперсонал жана 972 башка кызматкерлер алышты", - деп жазылат маалыматта.

Ай сайын төлөнүүчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек (COVID менен күрөшкөн 2 миң 483 медицина кызматкери) — 23 миллион 176 миң 387 сом;
  • Чүй облусу (457 кызматкер) — 7 миллион 188 миң 520 сом;
  • Ош облусу (276 кызматкер) — 3 миллион 935 миң 160 сом;
  • Баткен (68 кызматкер) — 873 миң 988 сом;
  • Жалал-Абад облусу (82 кызматкер) — 1 миллион 692 миң 758 сом;
  • Ысык-Көл облусу (352 кызматкер) — 5 миллион 113 миң 155 сом;
  • Нарын облусу (81 кызматкер) — 770 миң 751 сом;
  • Талас облусу (226 кызматкер) — 5 миллион 786 миң 961 сом.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: