Бир адам каза болуп, мектептердин чатыры учту. Таластагы катуу шамалдын кесепеттери айтылды







Талас облусунда катуу шамал катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Мындан тышкары орто мектептердин чатыры учканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 17-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында катуу шамалдын кесепетинен Талас айылындагы Цыренин атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин чатыры учуп, Бала-Саруу айылынын Бала-Саруу орто мектептин, Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектептин чатыры зыянга учурады.
"Кырсыктын кесепетинен эки терек кулап, 1975-жылы туулган Т.З.А. аттуу жаран каза болду. Жеринде Манас районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда", - дешти министрликтен.
Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.