"301 миң сомдон ашык карызы үчүн". "Түндүк электр" ишканасы айланма жолду тоскон тургундардын нааразычылыгы боюнча түшүндүрмө берди
Бишкектеги Теңдик жана Алтын-Казык конушунун жашоочулары электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп айланма жолду тосуп алышкан. Жерине милиция кызматкерлери барышып, азыркы саатка карата жол ачылганы Чүй ОИИББи тарабынан белгилүү болду.Аталган конуштагы электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча "Түндүк электр" ишканасынан түшүндүрмө беришти.
"Кечээ, 16-ноябрда "Түндүк электр" ишканасы Алтын-Казык конушунда жашаган Ж.Келдибекованын 301 миң 527 сом дебитордук карызы үчүн электр жарыгын өчүрдү. Белгилей кетсек, жер тилкеси трансформацияланбагандыктан "Түндүк электр" ишканасынын аталган конуштун тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо келишимин түзүүгө укугу жок. Буга байланыштуу абонент Ж.Келдибекова бөлүштүрүүчү компания менен турмуш-тиричилик абоненти категориясындагы абоненттик "тургундардын тобу" катары келишим түзгөн. Келишимге ылайык, абонент керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү башка жактардан өндүрүүгө милдеттүү.
Бирок жыл башынан бери абонент карызын толук төлөбөй, карыз топтолуп калган", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(3)
AdylbekB84
17.11.2021. 20:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камаш керек мындайларды, булардын айынан канчалаган адам кеч калды бара турган жеринен! Өзү законго баш ийбей иш кылып, карызын төлөбөгөнү аз келгенсип эми жолду тоскону кандай, жол тоскондор мусулманчылыкта өтө чоң күнөө, карыз төлөбөгөнү тем более!
modem4999
18.11.2021. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AdylbekB84,акылдуу болбочу, тонуп отура беришсинби уйлорундо
KG-312
17.11.2021. 21:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир адам карыз болсо ошонун эле электригин кескиледа!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















