3 адам мерт кетип, 6 киши жаракат алды. Ысык-Атада жол кырсыгы катталып, жүк ташуучу унаа күйдү (сүрөт)




Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда УАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы сүзүштү.
"Авто кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, саат 17:55те толук өчүрүлдү.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркады. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(2)
KG-312

17.11.2021. 21:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жолдорду кеңейтмейинче авария азайбайт. Эки машина бир жака, эки машина бир жака кеткен төрт тилкелүү жол түшсө анан встречныйга чыкпай, бир-биринен смело обгонго чыга беришмек. Негизи жол кыпсыктардын 70-80% ы встречныйга чыга калып болууда!!!
Aimani

17.11.2021. 22:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KG-312,Айланма жолдо болгон болсо жол кенен эле да. Аба ырайынын да кесепети болушу мүмкүн.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.