super.kg logo

"Түндүк электр" ишканасынын унаасы күйүп кетти, ичинде кызматкерлер болгон. 3 адамдын өмүрүн алган Чүйдөгү авто кырсыктын чоо-жайы

 
17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алганы, ошондой эле кагылышуудан улам жүк ташуучу унаа күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолундагы авто кырсыктын чоо-жайын айтышты. Маалыматка ылайык, УАЗ жүк ташуучу унаа "Түндүк электр" ишканасына таандык болгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, Тойота Ипсум унаасын башкарып бара жаткан 41 жаштагы Б.К. рулга ээ боло албай, каршы тилкедеги УАЗ менен сүзүшкөн. УАЗ унаасы оодаралып, өзүнөн өзү тутанып, өрт чыккан.
Кырсыктын кесепетинен УАЗдын айдоочусу (аты-жөнү тактала элек), 1964-жылы туулган К.А. жана А.К. аттуу эки жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушту. Мындан тышкары Тойота Ипсум жана УАЗдын 4 жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына жеткирилди", - дешти маалымат кызматынан.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу айдоочуларды жол эрежесин, ылдамдыкты так сактоого, жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Ошондой эле унаанын дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын авария ото коп болуп жатат,шашылбай эле айдаш керек,жетчуу жерге он минута кеч барса эчнерсе болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: