super.kg logo

"5 миң доллар". Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун орун басары пара талап кылган деген шек менен кармалды (фото+видео)

 

Кечээ, 17-ноябрда пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

"А.А.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган. Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

А.А.Э. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кармалган жаран Алтынбек Айдаров экенин билдиришти.






Октябрь районунун прокурорунун орун басары пара талап кылган деген шек менен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2021. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай башка салбасын, кандай гана жаман момент!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: