super.kg logo
  Саясат  

Айсулуу Мамашова, №8: “Агартуу тармагын өнүктүрүп, билимдүү коом түзөбүз”

 

“Кыргызстанда 200 миң бала 9-класстан кийин окуусун уланткан эмес”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Айсулуу Мамашова теледебатта айтты.

Ал билим берүү системасынын 9-класстын деңгээлинде токтоп калганына кейиди.

“Бул маселени чечүү үчүн “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жазып чыктык. Ага ылайык эми балдар 10-11-классты милдеттүү түрдө окушу керек же кесиптик техникалык окуу жайга барып окушу шарт. Экинчисинде мектеп программасын окуп аттестат гана алып чыкпастан бир кесиптин ээси да болот”, - деди Мамашова.

Ал мындай ыкма Союз маалында кеңири колдонулганын айтып, жарандардын кийинки жашоосуна пайдасы көп тиерин баса белгиледи.

“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн сапаттуу билим берүүгө муктажбыз. “Альянс” партиясы шайланып келе турган болсо, агартуу тармагындагы иштерди күчөтөт. Биз “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Агартуу тармагын өнүктүрүп, билимдүү коом түзөбүз”, - деди Айсулуу Мамашова.

АЛЬЯНС - 3 - БИР КҮЧ!

Айсулуу Мамашова - 8

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109. Нускасы 1. Буюртмачы: "Альянс" саясий партиясы. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 18-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: