Кабулда дагы эки ирет жардыруу катталды (фото)




Ооганстандын борбору Кабул шаарынын батышында кечээ, 17-ноябрда эки ирет жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан жарадар каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Биринчи жардыруу Кабулдун Даште-Барчы аймагында болуп, жардыруучу зат унаага коюлган. Террордук чабуулдан үч адам каза болгон.
Экинчи жарылуу Кабулдун Дехбури аймагында болгон. Ал жерде полиция бөлүмүнүн аймагында дагы бир унаа жардырылган. Бул жарылуудан 4 адам каза болгондугу айтылууда.
15-ноябрда дагы Кабулдун батышындагы аймакта жарылуу болгон. Анда бомба кичи автобуска коюлган жана жарылуудан бир нече адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Билим - эң бийик байлык. Жаштардын мээсинде диний фанатизм эмес, светтик билим гана болуш керек, ошондо гана токчулук, ден-соолук жана тынчылык да болот.