Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Астанада өтүп жаткан Эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты
Бүгүн, 13-ноябрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Астанада өтүп жаткан эл аралык мелдештин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина “Futures“ сериясындагы эл аралык мелдештин чейрек финалына чыгуу үчүн казакстандык Екатерина Губанованы утуп алды (6:0, 6:1 эсептеринде).
Эми кыргызстандыктын жарым финалдагы атаандашы орусиялык Анастасия Рудакова болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.