super.kg logo

Бишкекте Ооганстандын жаранына таандык унааны белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Шектүү 20 жашта

 
Борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга Ооганстан Республикасынын жараны М.М. арыз менен кайрылып, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 18:00дөн 08:30га чейинки убакта унаа токтотуучу жайдан Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Иликтөө, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 550 102-609, 0 708 40-55-80 жана 102 телефондоруна кайрылыңыздар", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: