super.kg logo

Ташкентте коронавируска каршы эмдөө талабын аткарбагандар ишинен убактылуу четтетилсе, айрымдары айыпка жыгылды

 

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык борбору Ташкент шаарында коронавируска каршы эмдөө албагандарды аныктоо максатында рейд жүргүздү. Мындай маалымат өзбек басылмаларында жазылды.

Жүргүзүлгөн иш-чарада 6526 жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон. Алардын ичинен 5035 адам бюджеттик уюмдарда иштеп келишкен. Ошондой эле дагы 1402 адам эмдөөдөн өтпөй туруп жумушка алынгандыгы маалым болгон.

"Коронавируска каршы талаптарды аткарбаган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүлдү", - деп билдиришкен аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү талабын аткарбаган 3608 жаранга да чара көрүлгөн. Алардын ичинен 3229 кызматкер иштеген ишинен убактылуу четтетилсе, 374ү айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Андан сырткары кызматкерлери эмдөөдөн өтпөгөн 5 ишкананын иши убактылуу токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: