super.kg logo

"Рыскелди Момбековдун дарегине айтылгандарды каралоо катары баалайбыз". УКМКнын билдирүүсү боюнча партия комментарий берди

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Момбековдун талапкерлигин отурумда карамай болду.

Ал арада "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий беришти. Билдирүүдө дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүлөт.

"Эл аралык республикалык институттун (International Republican Institute) сентябрь айындагы сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, "Социал-демократтар" шайлоого катышуучу партиялардын ичинен ишенимдүү түрдө экинчи орунда экени бийликти кыйнап жатат. Рыскелди Момбековдун дарегине айтылган мындай шылтоолорду биздин партия каралоо катары баалайт.

Момбеков 2010, 2015, 2020-жылдары депутаттыкка талапкер. Ал өткөн жылдын октябрь окуясындагы баш аламандыкта Ак Үйдөн дипломатиялык паспорту, диплому жана башка жеке документтери жоголуп кеткендиктен БШКга дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшырган. Момбеков документтеринин жоголушу боюнча ИИМге арыз жазган, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоодо.

Коомчулуктан Рыскелди Момбековдун сүйлөгөн сөздөрүнүн оппозициялык мүнөзүн эске алып, биздин талапкерге кысым көрсөтүүнүн бирден-бир себеби катары кароону суранабыз", - деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.11.2021. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сагызганда оңолбойт!!!
19.11.2021. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uchkunda chon bolup turganda kata basip chigargan jash baldardin metirkasi uchun kachan joop beret?
19.11.2021. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дипломатиялык паспорт уйундо эмес иштеген ишканын кадрлар болумундогу сейфте сакталышы керек.
19.11.2021. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э булар кылган кылмыш иштерин олуп баратса да мойнуна алышпайт.
19.11.2021. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дипломду сатып алган үчүн Атамбаевдын убагында жүрдү да таярандап эми териштирип келгенде меесинде эч нерсе жок акчага сатып алганы билинип турат мойнуна Аласынбы Албайсыңбы депутатка бок барбы колунан иш келбейт тим эле республика институт деп айтып бар ошого бокту жептир сдпканы шайлабайт эч ким мен билем го Жалал абад Сузак бары Ташиевди шайлайбыз анан кантип 2 чи орун болосуңар алкаштын арамдары силердин жүрүшүнор тура эмес дикий бут барастар Момбеков жазага тартылсын
19.11.2021. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fernando_Torres, Ташиев шайлоого катышпаса кантип шайлайсынар. Жалал-Абад,Сузактыктар. Дагы эле жердешчилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: