super.kg logo

Таласта катталган катуу шамал 1 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келди

 

Талас облусунда катталган катуу шамал 1 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келди. Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясынын эсебине таянып ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Манас районунда мектеп, мечит, автоунаа өткөрмө бекети, ФАП сыяктуу социалдык мекемелердин чатырлары талкаланган. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, жалпы материалдык чыгым 1 миллион 36 миң 188 сомду түзгөнү аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ушундай эле шамал Кара-Буура районунда да катталып, ал жерде дагы бир катар имараттар чатырсыз калды. Чыгымды тактоо иштери бүгүн да уланып жатканы айтылат маалыматта.

Эске салсак, Талас облусунда 17-ноябрь күнү саат 14:00дөр чамасында ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал башталып, бир катар социалдык мекемелердин чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле терек кулап, кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы тургун каза болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: