Колуңузга 2 бюллетень берилет. Алдыдагы шайлоо тартиптери тууралуу БШКнын түшүндүрмөсү




Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоонун тартиби менен тааныштырды.
Ага ылайык бул шайлоодо:
* Ар бир шайлоочуга экиден бюллетень берилет.
• Анын биринде бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгондордун тизмеси бар.
• Экинчи бюллетенде 21 партиянын тизмеси жана ар бир партиянын атынан депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлердин номери жазылат.
* Шайлоочу алгач өзүнүн добушун бир мандаттуу талапкерлерди тандоо үчүн берсе, кийинки бюллетенден алгач партияга андан соң ал партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бирин тандашы керек болот.
БШК тарабынан уюштурулган иш-чарада 30 шайлоочунун катышуусу менен 28-ноябрь күнү добуш берүү иштери кандай тартип менен жүргүзүлөрү көрсөтүлдү. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы келип катышып, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
"Быйыл шайлоо жаңы система менен өтөт" дейт БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

