Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 38 миңге жетиптир
2013-жылдын башынан ноябрь айына чейин кант диабетине чалдыккандардын саны өлкөдө 38 миңге жеткенин бүгүн,13-ноябрда Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин дарыгери Кайыргүл Жоошбаева билдирди.
"Бизде каттоодон өтүп дарыгерлердин кароосунда тургандардын саны 38 000 адам. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолдоосу боюнча Кыргызстанда кант диабети оорусуна чалдыккандардын саны 150 миңге жетет. Мындан тышкары бул илдет менен ооруган өспүрүм балдардын саны быйыл 300гө жетти. 2013-жылдын башынан ноябрь айына чейин 49 балада бул дарт аныкталды",- дейт дарыгер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

