super.kg logo
  Саясат  

Юлия Джаналиева: “Мектептерде милдеттүү түрдө үч тил окутулушу керек”

 

“Биздин команданын максаты – кыргыз, орус жана англис тилдерин милдеттүү түрдө үйрөтө турган мектептердин санын көбөйтүү”. Бул тууралуу “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Юлия Джаналиева билдирди.

“Билим берүүнүн базистик планында окуучуларга кереги жок сабактар көп. Алар жөн эле балдардын убактысын алып жатат. Азыр IT тармагы, финансылык сабаттуулук, психология, байланыш негиздери сыяктуу сабактар окутулушу керек. Бирок аларды базистик планга киргизүү

мүмкүн эмес. Андан башка сабактар өтө көп. Окуучулар мындай жүктү көтөрө алышпайт”, – деди Джаналиева.

Ал директорлорду ата-энелер жана мугалимдерден турган камкорчулар кеңеши аркылуу дайындоо, биринчи класстан баштап англис тили жана программалоо сабактарын киргизүү заман талабы экенин кошумчалады.

Альянс – №3 Бир күч!

Юлия Джаналиева – №12

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109. Нускасы 1. Буюртмачы: "Альянс" саясий партиясы. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 19-ноябрь, 2021-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: