"14 коробка чаң соргуч, үтүк". Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду
Бүгүн, 20-ноябрда чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте чек арадан контрабандалык товарларды мыйзамсыз алып өтүү ишине бөгөт коюшту.
"Баткен облусунун Кадамжай районунун Бак айылында ИИМдин чек арачылары жана кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган А.Б.нын башкаруусундагы Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Айдоочу Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга тиричилик техникасын - 14 коробка чаң соргуч жана үтүктөрдү алып келүүгө аракет кылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, контрабандалык жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asyl.jazi

20.11.2021. 18:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бироосу эле. Мындан башка канчалаган адамдар тааныш-билиш кылып откоруп жатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.