super.kg logo

"28 миң адамдын өмүрү коркунучта". Мадагаскар ачарчылыктын босогосунда

 

Мадагаскар дүйнөдө биринчи жолу глобалдык климаттын өзгөрүшүнө себеп боло турган ачарчылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлү Йенс Ларктын сөзүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ларк өлкө акыркы 40 жылдагы эң катуу кургакчылыкты баштан кечирип жатканын, бул он миңдеген жергиликтүү тургундардын өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуусун кыйындатып жатканын белгиледи. "Адамдар катуу жетишсиз тамактанууга туш болушат жана 28 миң адам өмүрү коркунучта турган ачкачылыкка окшош шарттарда жашап жатышат", - деди ал.

Эл аралык кайрымдуулук фонду коомчулуктан Мадагаскарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 231 миллион доллар бөлүүнү суранган. Ведомствонун өкүлү буга чейин донорлор тарабынан 120 миллион доллар бөлүнгөнүн, бирок бул каражат жарандарды тамак-аш, суу жана дары-дармек менен камсыздоого жетпей жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.11.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
БУУну негиздеген олколор (АКШ, Европа) Африканын баалуу нерселерин баарын соруп жатышат бир жагынан, экинчи жагынан олумуш болуп Африкага жардам керек деп какылдашат.
20.11.2021. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ansar,жеткен харамы да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: