super.kg logo
  Саясат  

"Центерра Голд" "Кумтөргө" мындан ары ээлик кылбай турганын жарыялады. Акылбек Жапаровдун билдирүүсү

 

"Кумтөрдүн" айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билдирүүсүн министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 миллион долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду.

Аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc компаниясы тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

Биз эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектөө тууралуу кеп жүрбөгөндүгүнө күбө болот деп эсептейбиз. Министрлер кабинети мыйзам үстөмдүгүн жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыгын активдүү жактоону улантат”, - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: