"Тиешелүүлөргө чара көрүлөт". Башкы прокуратура өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча түшүндүрмө берди
20-ноябрда Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча Башкы прокуратура төмөнкүдөй билдирүү таратты."Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт.
Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп кабатыр болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн жогору турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Анклавдар толук бойдон Картабызга кируу керек го