super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Францияда беттеш кайрадан үзгүлтүккө учурады. "Марсель" клубу 3-мүнөттө талаадан чыгып кетти

 

Футбол боюнча Франция чемпиондугунун 14-турдук оюнундагы "Лион" менен "Марсель" командаларынын беттеши биринчи бөлүк башталганда эле үзгүлтүккө учурады.

"Лиондун" күйөрмандары "Марсель" клубунун оюнчуларына ойноого эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, трибунадан бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Бөтөлкөлөрдүн бири "Марсель" клубунун жарым коргоочусу Димитри Пайеттин башына тийген.

Мындан улам калыс оюнду токтотуп, командаларды талаадан чыгарган. Оюн бир сааттан кийин кайра уланмак. Бирок "Марсель" клубу талаага чыгуудан баш тарткан.

Мындай көрүнүш Франция чемпиондугунда ушул сезондо биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушундай эле окуя 22-августта "Ницца" - "Марсель" беттешинде да болгон. Анда Пайет бөтөлкөнү кайра трибунага ыргытып жиберген. Мындан улам стадиондо мушташ орун алган.






Оюн учурунда Димитри Пайеттин башына бөтөлкө тийди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз эле жапайы экенбиз десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: