super.kg logo

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө шайлоого аралашпоосу эскертилди

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иштерди өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнүн криминалдык кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көл ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын алдындагы уююшан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аталган контингенттин өкүлдөрү арасында күчөтүлгөн профилактикалык иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Аталган профилактикалык иш-чаралардын алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары турган айрым жергиликтүү тургундары ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, алар менен тийиштүү профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө шайлоо процесстерине алардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбестиги, эгерде ушундай фактылар аныкталса мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилди.

Ысык-Көл облусунун милициясы жарандардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө же башка мыйзамсыз аракеттерине күбө болушса 0702 87 78 76, 0704 65 29 73 байланыш телефондору менен кайрылууну өтүнүшөт.

Кайрылган жарандардын анонимдүүлүгү боюнча купуя сыр сакталарына кепилдик берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: