super.kg logo

"Коррупциялык иштерди айтып чыкканым үчүн иштен алындым". ЖАМКнын №31 мекемесинин кызматкери кызматтан кеткенин айтып чыкты

 

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №31 абактын кызматкери Акжол Раимбердиев коомчулукка видео кайрылуу жасап, аны жетекчиси Таалай Асанбаев мыйзамсыз иштен кетүүсүн талап кылып, кысым көрсөтүп жатканын билдирген.

Бүгүн, 22-ноябрда Акжол Раимбердиев SUPER.KG порталына кайрылып, төмөнкүлөрдү билдирди.

"16-ноябрда эки жумадан кийин менин иштен кетишим тууралуу буйрук чыккан. Бир сутка иштеп, экинчи суткага 21-ноябрда ишке барсам киргизбей коюшту. Буга чейин бир нече жолу президентке кайрылдым. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Мени мекеменин ичиндеги коррупциялык иштерди айтып чыкканым үчүн иштен алышты. Көрсө, айтып чыкпашым керек болчу экен. Азыр коррупциялык иштерди айтпай эле койсом болмок экен деп калдым. Анткени азыр иштеп жүрө бермек экенмин. Мындай иштерди жаап-жашыргандар иштейт экен. Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшөбүз дегенинен ишенгем. Анын коррупцияны жеңебиз дегени жөн эле сөз экен. Бүгүнкү күндө элиме кайрылып жатам. Жазаларды аткаруу кызматында коррупциялык иштер гүлдөп кетти. Адилеттүүлүк жок экен. Кыскасы, коррупциялык иштерди байкап калсаңар көрмөксөн болуп койгула. Антпесе мага окшоп жумуштан кетип каласыңар", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
22.11.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр мыйзам эмес по понятием жашап жатабыз.
22.11.2021. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза иштегендерди куугунтуктай берсек мамлекет эч качан өнүкпөйт
22.11.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак ийилет бирок сынбайт!
23.11.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупцияны айткан кишиге дагы миллион сом беребиз деп айтышкан. Садыр Жапаров созуно турат деп ишенем!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: