Бир көчөдө жашаган бизнесмен, молдо, селсаяк. "Эл ырчысы Эстебес" тобунун 5 күндүк концерти
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Эл ырчысы Эстебес" тобунун "Эстекенин ыры болчу ынтымак" аттуу жаңы программадагы концерти көрүүчүлөргө тартууланып жатат. Концерт 20-ноябрь күнү башталган, 24-ноябрга чейин уланмакчы.
Топтун жаңы программадагы концертинде көчө шыпыргычтын ролун аткарган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Өмүрзак Кайыпов башкы каармандын образын жаратса, Эл акыны, төкмө акын Амантай Кутманалиев молдонун ролун аткарды.
Мугалим, молдо, спортчу, селсаяк, сатуучу, айдоочу, бизнесмен баары кошуна жашап, ич ара урушуп, андан соң депутаттыкка талапкер келип, алгач айрымдары добуштарын сатып акча алып, андан соң ынтымакка келип, баары бир муштумдай биригип аягына чыкты.
"Эл ырчысы Эстебес" тобу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.