super.kg logo
  Саясат  

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөнүн түштүгүндөгү аскер кызматкерлеринин көйгөйлөрүн укту

 

13-ноябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин түштүк аймагындагы аскер кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Алгач министр менен болгон 2 сааттык маектешүүдө аскер кызматкерлери көйгөйлөрүн айтышып, тиешелүү жоопторду алышты. Жолугушууда негизги көтөрүлгөн маселелердин катарына аскер кызматкерлеринин маянасынын аздыгы жана турак жай менен камсыз кылуу маселелери болду.  

 

Жолугушуудан кийин Боронов министрликтин республикалык өзүнчө куткаруу отрядына барып, жоокерлердин кийген кийимдери, жаткан жайлары жана тамак-аштары, жашоо шарттары менен таанышып, жоокерлер менен жакындан пикир алышты.  Андан ары министр аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыктарын текшерип, алардын куралдан ок атуу жана машыгып туруучу жерлерин да көзөмөлдөп, аскерлердин ок атуусуна күбө болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: