super.kg logo

"Кызын АКШга окууга өткөрүп берүүгө жардам берем деп 10 миң долларын алган". Шектүүдөн жабыркагандар болсо милиция кайрылууну өтүнөт

 

Караколдо алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын январь айында өзүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү катары тааныштырган жаран менен таанышып, ал ушул жылдын башында кызын АКШга окууга өткөрүп берүүгө жардам берем деп 10 миӊ доллар акчасын алып, убадасын аткарбай качып кеткендиги туурасында билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан белгисиз жаран 10 миӊ доллар акча каражатын алгандан кийин жай мезгилинде арыз ээсине кайрадан келип, кызынын визасын ачуу үчүн алдоо жолу менен дагы 3 миӊ долларын алганын, андан кийин өзүн "Кумтөр" алтын кенине жумушка киргизем деп кошумча 10 миӊ долларын алгандыгын аныкташкан.

Жалпысынан жабырлануучуга 23 миӊ доллар материалдык зыян келтирген. Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну К.А. Каракол шаардык милициясына алып келинген. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

17-ноябрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, дагы бир Каракол шаарынын тургунуна карата шектүү жаран тарабынан алдамчылык фактысы жасалгандыгы аныкталган. Ноябрь айынын башында шектүү жаран өзүн Каракол шаарынын окутуу борборунун өкүлү катары тааныштырып, жабырлануучунун кызын АКШга бекер окууга өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнүн шылтоосу менен андан 10 миң 245 долларын алдоо жолу менен алгандыгы аныкталган.

Бул факты дагы каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө. Каракол ШИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экендигин божомолдошууда.

Милиция кызматкерлери кимде-ким шектүүдөн жабыр тартса, Каракол ШИИБинин тергөө кызматына кайрылуусун суранышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.11.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдерди азапка салып кеткен акмактын бетин не жашырасынар?
22.11.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гүлзат Мамытбектин коллегиясы окшойт!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: