super.kg logo

Артыкчылыкта бол. 90 күнгө музыка жана фильмдер АКЫСЫЗ + такси сапарларына арзандатуу!

 

О! Мобилдик оператору «Яндекс Плюс» сервиси менен биргеликте өз абоненттерине толук 90 күнгө «Яндекс.Музыка», «Кинопоиск», «Яндекс.Диск» менен акысыз пайдаланууга жана «Яндекс.Такси» кызматынан үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн беришти.


"Заманбап санариптик индустриянын гиганттарынын бири менен эксклюзивдүү сервисти ишке киргизип жатып, биз өз абоненттерибиздин кызыкчылыктарын колдойбуз жана компаниянын пайдалуу өнүмдөрүнүн экотутумун өнүктүрөбүз. Кардарларыбыз жаңы кызмат аркылуу Яндекстин мыкты сервистерине бирдиктүү жазылууга ээ болушат. Алар жогорку сапаттагы фильмдерди жана сериалдарды көрө алышат, музыканы жана подкасттарды колдонуучунун музыкалык табитине ылайык түзүлө турган акылдуу плейлисттерде чектөөсүз уга алышат, такси кызматында - 10% арзандатууга ээ боло алышат жана мунун баары 90 күн толугу менен акысыз. Дароо азыр кошулуңуз да, рыноктун лидерлеринин эң пайдалуу жана популярдуу санариптик сервистерин пайдаланыңыз", дейт О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.


"Яндекс Плюс" сервистерине бирдиктүү жазылуу аркылуу О! абоненттери эмнеге ээ боло тургандыгын көрүңүздөр:

  • Фильмдерди жана сериалдарды Кинопоиск тиркемесинен жарнамасыз жана идеалдуу сапатта көрүү;
  • Яндекс.Музыкадагы акылдуу плейлисттерде миллиондогон тректерди жана подкасттарды угуу. Мисалы, азыр колдонуучулардын баарына Мирбек Атабековдун, Нурлан Насиптин жана башка ата мекендик жылдыздардын хиттеринин альбомдору, ошондой эле Zivert`тин жаңы альбому, Maneskin`дин, Cream Soda`нын жана башка популярдуу аткаруучулардын синглдери жеткиликтүү. Ал эми подкасттардын китепканасы "Кальмар оюну" эмнеси менен баарын багындырды?", «Stand Up Шоу» жана башка жаңылыктардын чыгарылыштары менен толукталды;
  • «Комфорт» тарифтериндеги ар бир такси сапарына -10% арзандатуу алуу;
  • Яндекс.Дискте санариптик сактоочу жайга +10 ГБ кошуу.

Яндекс.Музыка», «Кинопоиск», «Яндекс Go», «Яндекс.Диск» тиркемелерин жүктөп алыңыз да, миллиондогон жаңы тректерди угуңуз, миңдеген фильмдерди көрүңүз, такси сапарларынан үнөмдөңүз, Яндекс жана О! менен бирге санариптик булут менен акысыз пайдаланыңыз.

Мунун баарына 90 күнгө акысыз ээ болуу үчүн жөн гана *090# акысыз буйрутмасын териңиз же «Мой О!» тиркемесинен бир клик менен кошуп алыңыз.

Жазылуу бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин бирдиктүү жазылуунун баасы айына 179 сомду түзөт. Дагы кененирээк маалымат yandex.o.kg сайтында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: