Алматыда көп кабаттуу үйдөн 28 жаштагы аял үч наристесин ыргытып, андан кийин өзү секирди. Окуянын алдын ала себеби айтылды
Алматыда үч наристеси менен кошо 9-кабаттан боюн таштаган аялдын аракетинин алдын ала себеби айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Бул үй-бүлөлүк мамилелердин негизинде күйөөсү менен болгон чыр-чатактар. Каза болор алдында жазган каты бар. Башка жагдайлар такталууда", - деп билдирген Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынан.
Маалым болгондой, бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу) менен иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык жагдайларды тактоо үчүн тергөө-ыкчам тобу түзүлдү деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Алматыда 28 жаштагы аял 9-кабаттан алгач балдарын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин ачык булактар жазып чыгышкан. 2 баласы менен кошо өзү ошол жерден жан берип, бир баласы ооруканага жетпей каза болгон. Наристелер 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Бизде болсо тескерисинче мамлекет куйосуно конул айтып сооротуп квартира беришет.