"Бензин коммуналдык кызматтарды төлөгөндөргө гана берилет". Түркмөнстанда жаңы эреже киргизилди

Маалыматка ылайык, жаңы талап үзгүлтүксүз маалымкат алуу үчүн тиешелүү мекемелерге барууга мажбур болгон жарандарга кошумча түйшүк жараткан. Экинчи жагынан, бул май куюучу станциялардын кызматкерлери үчүн айдоочулардан пара талап кылууга мүмкүнчүлүк жаратары айтылат.
"А95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын мыйзамсыз баасы 5 манатка чейин көтөрүлдү. Эгер төлөсөң эч кандай маалымкатсыз эле бензин куюп беришет", - деген жергиликтүү айдоочу.
Маалым болгондой, облуста күйүүчү май тартыш, тактап айтканда, Дарганата шаарында жарым жылдан бери А92 үлгүсүндөгү бензин сатылбай, Эко93 үлгүсүндөгү бензин дээрлик эки жылдан бери чыга элек.
Октябрдын аягында Түркмөнстан бийлиги тургундардан 2021-жылга электр энергиясы үчүн төлөөнү талап кылганы кабарланган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, коронавирустук пандемиядан улам курчуп кеткен экономикалык кризис учурунда калктын көпчүлүгүнүн жашоо деңгээли бир топ начарлап, көптөгөн үй-бүлөлөр газ, электр жарыгы жана суу үчүн төлөмдөрдү төлөй албай калышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.