Дагы бир "Кыргызстан сулуусу" аныкталды. Жеңүүчү дүйнөлүк сулуулар сынагына катыша алат

"Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы жыйынтыкталып, 22 жаштагы Алина Оморова жеңүүчү деп аныкталды. Бул туурасында "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы маалымдады.
Аталган дирекциянын билдирүүсүнө ылайык, сулуулар сынагы жабык форматта өтүп, ТОП-5ке кирген кыздар аныкталды.

Жеңүүчү деп аныкталган Алина Оморова "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.

"Биринчи вице-мисс-2021" наамы 18 жаштагы Жамиля Жыргалбековага буюрду. Ал "Miss Grand International-2022" сынагында өлкө намысын коргойт.

"Экинчи вице-мисс-2021" макамды Ширин Алайчиева аттуу 18 жаштагы бийкеч ээледи. Ал "Miss Intercontinental - 2022" сынагында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат.

"Үчүнчү вице-мисс-2021" наамын Салима Асанбекова ээледи. 18 жаштагы Салима Асанбекова "Miss International - 2021" сынагына өлкө атынан ат салышат.

Ал эми 17 жаштагы Азиза Бакытбекова "Төртүнчү вице-мисс-2021" наамынын ээси болду. Ал 18 жашка толгондон кийин "Miss Multinational - 2022" сынагына катыша алат.
"Бул сынакка катышуучуларды каттоо 2020-жылдын 25-сентябрында старт алып, 2021-жылга чейин созулган. Онлайн кастингде бардык аймактардан 146 анкета келип түшүп, жарым финалга 10 кыз тандап алынган. Калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулар менен маектешип, 5 кызды тандашкан. Финалга чыккан бийкечтер Бишкек шаарына келишип, сынактык этаптардан өтүштү", - деп айтылат дирекциянын маалыматында.
Белгилей кетсек, "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы 2020-жылы пандемияга байланыштуу салттуу аземди кийинки жылы өткөрүү чечимин кабыл алган.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















