super.kg logo

"Оозума жыныс мүчөсүн салып жиберди". 6 жаштагы кыздарга ыдык көрсөтүүгө шектүүнү кыздардын биринин апасы кечирди

 
Талас шаардык соту беш жана алты жаштагы үч кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелип жаткан 22 жаштагы жарандын ишин карап жатат. Соттук отурум 24-ноябрда уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыйноого каршы коалициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган коалициянын жактоочулары жабыркаган кыздардын укуктарын сотто коргоодо.
Окуянын чоо-жайы
Окуя 2021-жылдын 3-сентябрында Талас шаарында орун алган. Анда 22 жаштагы жарандын үйүнөн кыздары чыкканын көргөн эне шектенип, кызынан кошунасы аларды үйүнө киргизип эмне кылганын сураган.
Анда кыздар "Толкунбек байке (ред: аты өзгөртүлдү) бизди кезек менен чакырып, момпосуй берип андан кийин мышыгын көрсөтөрүн айткан. Андан кийин мени керебетке жаткырып, ич кийимимди чечип, жыныс мүчөсүн меникине тийгизген. Мен ыйлаганда ал кыйкырып, оозума жыныс мүчөсүн бир канча жолу салып жиберди. Катуу ыйласам кетирип жиберип, башка досторумду чакырды. Аларга дагы ушундай көрүнүштөрдү жасаган", - деп айтып берген.
Бул окуяны уккан кыздардын энеси кошунасынын үйүнө барганда, ал кыздар алдап, оюнан чыгарып айтып жатат деп күнөөнү моюнга алган эмес. Андан соң үйүнөн качып чыгып, бир канча мүнөттөн соң ашкана бычагы менен аларды коркута баштаган. Анан милиция чакыртылган.
Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча, алгач бул ишти укук коргоо органдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган эмес. Эртеси, 4-сентябрда кыздардын ата-энеси кайрадан Талас ШИИБине келишкен, бирок алар арызды кабыл албай коюшкан. Мындан улам кыздардын жакындары юридикалык жардам сурап "Союз Единения" коомдук бирикмесине кайрылышкан. Аталган бирикме арыз менен УКМКнын Таластагы өкүлдөрүнө милиция кызматынын кылган иш-аракетине чара көрүүнү суранып кайрылган. Алар кызматкерлер эмне себептен арызды кабыл албай жатканына кызыгып көрүшкөндө, нөөмөт бөлүмүндө отурган кызматкерлер "балким, кыздар оюнан чыгарып жатат..." деп жооп беришкен. Качан гана алар УКМКнын арызын көргөндө гана ишти каттоого алышканы жазылат маалыматта.
Укук коргоо органдары шектүүгө "өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөтүү" жана "курал жарак менен бейбаштык кылуу" беренеси менен иш козгогон. Андан соң шектүү жаранды кармап, эки айга камакка алышкан.
18-сентябрь күнү Талас шаардык соту кыздарды суракка алган, анда кыздар суроолорго так жооп берген. Ал эми тергөөчүлөр Бишкек шаарында кыздарга кайрадан соттук-психиатриялдык экспертиза жасатууну айткан, бирок ата-энелер шарты жок экенин айтышкан.
Ал эми Талас шаардык мэриясы жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам Кыйноолорго каршы коалициясы каражат бөлүп, кыздар ата-энелеринин коштоосунда Бишкек шаарында соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүшкөн. 30-сентябрда тергөөчү ишти Талас шаардык сотуна өткөрүп, 22-октябрда биринчи соттук отурум болгон.
"Бул жолку соттук отурумда социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери жана күбөлөр келишкен жок. Ал ортодо 3 кыздын биринин апасы тосмо арыз жазганы сотко келип түштү, анда ал кошунасын кечиргенин жана ага жазаны жеңилдетип берүүнү суранган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
23.11.2021. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ой.эщ**** ооой. Кантип тосмо арыз жазды апасы
Модератор admin_superstan түзөттү 2021-11-23 12:22:16
23.11.2021. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллах сактасын неге кечирет?
23.11.2021. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
JaneEr,кечирмдуу бул алланын сыпаты жакшы сыпат
23.11.2021. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fernando_Torres,Сенин кызыны ошентсе кечире бер озун
23.11.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул баланын таята жактан бишкекте милиция туугандары бар экен ошого карабай жатыптыр арызды. Психолого бишкеке апардык деп калп айтрасын. Убара болуп барышса ,психолог отпускада деп кетирип жиберишиптип. Бишкекте бир эле психолог барбы?
23.11.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш бала эч качан калп айтпайт. Ошолордун көрсөтмөсү менен эле сот чара көрсө болот. Эне бар атаңа бар кылбай.
23.11.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силердин кызынарга айбанча мамиле жасап жатса неге неге тосмо арыз бересинер каматып салбайбы нары бала кала айтпайт кучтуроок мыйзам мн Бир отоло жок кылыш керек коомго зыйяны тийет мындайлар, Ким кепилдик берет болбойт дагы деп
23.11.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Turdueva, туура айтасың. Өзү эл биригип ден соолугунан ажыратып салышса болмок. Башка зөөкүрлөргө сабак болот эле. Кудай сактасын. Заманыбызда кандай айбандар жашап жатат эх, өкүнүчтүү коркунучтуу.
23.11.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Түшүнбөйсүң адамдарга эмнеге тосмо арыз жазат акча берселе болдубу ким кепилдик берет эртең дагы кайталабашына тосма арыз жазган энеси берки зөөкүрдөн айырмасы жок окшойт
23.11.2021. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Baha.Kyrgyzstan, кечирмдуу болуу керек бул Сенин энен эмес Аллахтын сыпаты Иншаллах
23.11.2021. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Fernando_Torres,Кызыңы зордуктап оозуна тыгып атса кечиримдүү болуп отура бересиңби
Baha.Kyrgyzstan түзөттү 2021-11-23 17:02:45
23.11.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айбанчылык, кайсыл бети менен барды акмак. Макаланын темасын дагы бир аз уяттуураак кылып койгулачы, эро бөлүмүнө жазгандай кылбай ачык эле. Жаш балдар дагы көп окуйт гезитиңерди.
23.11.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улуу кичуу окуйт дебей эле жаза бересинерби ?
24.11.2021. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бычып салат болчум мен мындайларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: