super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Абдрахманов: “Кумтөрдү” улутташтыруу жакшы, бирок азыркы өкмөт аны да банкрот кылып өлтүрөт”

 

“Кумтөрдү” улутташтыруу жакшы, бирок азыркы өкмөт аны да банкрот кыларында шек жок”,- деди ЖКнын 14-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов. Айтымында, алгач кендин банкрот болуп калбашы үчүн шарт түзүү зарыл. 

“Улутташтыруу менен эле маселе чечилип калбайт. Мамлекеттик ишканалардын азыркы абалын карагыла: 300 миллион сом карызы менен “Кыргызтелеком” банкрот, 2 миллиард карызы менен “Кыргызгаз” банкрот болуп, Орусияга 1 долларга сатылды, 70 миллион карызы менен “Кыргызкөмүр” банкрот, баары банкрот. “Кумтөрдү” улутташтырсак, азыркы өкмөт аны да өлтүрөт. Алгач коррупцияга күнөөлүү адамдарды, соттордун баарын алмаштыруу кажет. Таза, иш биле турган адамдар келгенде гана аталган кен иштеп кетет”,- дейт Абдрахманов.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: