COVID-19: Вакцина алууга бара албагандар үчүн министрлик көчмө эмдөө уюштурат

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы ушул жылдын 29-мартында башталган. Бирок айрым жеке жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн толук өтө элек.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин демилгеси менен жер-жерлерде ар тармакта иштеген жеке жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин эмдөө иштери башталды.
Министрлик жүйөлүү себептер менен эмдөө жайларына бара албагандар үчүн көчмө эмдөөнү уюштурууга даярдыгы жөнүндө эскертет. Анткени бардык саламаттыкты сактоо кызматкерлери, коомдук транспорттун, коомдук тамактануу жайларынын, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери жана калк менен тыгыз байланышта иштеген коомдук топтор эмдөө алышы керек.
Айта кетсек, министрлик жарыялаган акция биринчилерден болуп "Кортекс" жеке клиникасы тарабынан колдоого алынган. 22-ноябрда клиниканын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча министрликтин Коомдук саламаттыкты сактоо департаменти Бишкек шаардык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте "Кортекс" жеке клиникалык борборунун бөлүмдөрүнө барышып, клиниканын кызматкерлерин коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүштү.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө Sputnik Light, Pfizer BioNTech, Sinopharm, Astra Zeneca, KazVak вакциналары менен жүргүзүлүүдө.
Министрлик бардык мамлекеттик жана жеке ишканалардын жетекчилерин жер-жерлерде өз кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөө иштерине активдүү катышууга чакырат, бул чара өз кезегинде кадрлардын убактылуу жетишсиздигин алдын алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.