Түрк лирасынын долларга карата курсу тарыхый эң төмөнкү чекке жетти
Түрк лирасынын долларга карата курсу тарыхый эң төмөнкү чегине түшүүнү улантууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түрк лирасы 5 пайызга төмөндөп, АКШ долларына карата 12,73 жана еврого карата 14,30 болуп, тарыхый эң төмөнкү чегине жетти. Ошондой эле түрк лирасы быйылкы жылдын эң начар өнүгүп келе жаткан валютасы аталган. Лира 2021-жылы өз наркынын 38 пайызын, анын ичинде өткөн аптанын башынан бери 17 пайызын жоготкон.
Лиранын долларга карата курсу быйыл 30 пайызга, ал эми төрт жылда 64 пайызга жакын төмөндөп, эки орундуу инфляция менен бирге Түркия жарандарынын кирешесине да таасир эткени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
alym21

24.11.2021. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турцияга эми баргыла эс алганы)))
modem4999

24.11.2021. 11:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alym21,тилеке каршы биз чет олкого иштегени эле барабыз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.