super.kg logo
  Саясат  

SUPER.KG порталы №2 Баткен округу боюнча талапкер Асылбек Мадалиев шайлоого катышуудан баш тартты деген маалыматты төгүндөйт

 

SUPER.KG порталына "Бир мандаттуу округ боюнча дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты" деген тема менен жаңылык чыккан.

Бул маалыматтын ичинде №2 Баткен округу боюнча талапкер Асылбек Мадалиев шайлоого катышуудан баш тарткандыгы жазылган болчу.

Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан алынганы менен журналист анын скрин шотун алган эмес. Кийин БШКнын сайтынан бул тууралуу маалыматты таппай калгандыктан, жаңылык өчүрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асылбек Мадалиевге байланышканыбызда, маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бизге бул маалыматтын чыкканы зыян болду. Муну билимдүү жаштарга, талапкерлерге бут тосуу деп түшүндүм. Буга чейин биздин үстүбүздөн арыз жазышып, шайлоодон четтетүү аракети көрүлүп, БШК 10 даана календарь үчүн эскертүү берди. БШКнын эскертүүсүн туура кабыл алдым. Андан кийин силердин сайтыңарга мени шайлоодон баш тартты деп жазылды. Шайлоочулар мага чалышып, коркуп же акча алып алдыңбы деп кайрылып жатышат. Мен шайлоого катышуудан баш тарткан эмесмин, баш тартпайм", - деди Мадалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: