super.kg logo
  Саясат  

"Ишеним" партиясынан депутаттыкка талапкер Дамира Молдоярова Талас облусунун тургундары менен жолукту

 

"Ишеним" партиясынан депутаттыкка талапкер Дамира Молдоярова Талас облусунун жана районундагы Манас, Кара-Ой, Сасык-Булак, Үч-Эмчек, Арал, Кара-Суу, Чат-Базар, Өзгөрүш, Беш-Таш, Көк-Кашат жана Талас шаарынын элдери менен жолугушуу жасады. Анда ал "Ишеним" партиясынын жана өзүнүн программалары менен тааныштырып, жергиликтүү жаштардын билимине, ден соолугуна, маданиятына, ички жана тышкы мигранттарды токтотуу, аймактарга инвесторлорду тартуу, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, ишкерликке шарт түзүү сыяктуу маселелерди козгоп өттү.

Эл быйылкы жылга чейин Дамира Молдоярова Талас элине 100 орундуу бала бакча сатып алып, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп бергендигин, 10 чакырым чоң трассага жарыктандыруу коюп бергендигин, аз камсыз 60-80ге жакын үй-бүлөгө материалдык жардам бергендигин, жаш жеткинчектен тартып карыяларга, энелерге, кыз-келиндерге көңүл бөлүп сыйлаганын, 40тай үй-бүлөнү иш орду менен камсыз кылганын белгилешти. Ошондой эле көп-көп иштерди жасап, бүгүнкү күнү Талас элине 22000000 сом өз чөнтөгүнөн кайрымдуулук кылганын эл баалап, ыраазычылыктарын билгизишти. Тургундар Дамира Молдоярованы колдоорун айтышып, ак баталарын беришти.

Дамира Молдоярова номери 21.

"Ишеним" партиясынын номери 9.

«Ишеним» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 24-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).



кошулду





"Ишеним" партиясынын номери 9

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: