super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштери башталып, шаардыктарга ыңгайсыздыктарды жаратууда (фоторепортаж)

 
Эстакада көпүрөсү курулуп башталганына байланыштуу шаардыктардын базарга баруусу үчүн бир адамдык жол калган. Ал жолдун да айрым жерлери кысылып араң өтүп жаткандарга тоскоолдук жаратып базарга айланган
Эки адам бетме-бет келип калганда жолдун тардыгынан мынтип жол боюндагы дүкөндөрдүн тепкичтери аркылуу өтүшөт
Базарга барчу бир адамдык тар жолдор
Базарга барчу бир адамдык тар жолдор
Шаардын Абсамат Масалиев көчөсү тарабынан базарга карай түшкөн жол
Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияны жанын базарды көздөй түшкөн тепкичтердин учурдагы абалы
Бул тепкичтер аркылуу окуучулар да, кары-картаңдар да Кудайлап өтөт
Облустук филармония тараптан базарды көздөй түшкөн тепкичтер
Кызыл жемпир кийген эже: "Оой, Кудай ай, ушинтип качанга чейин кыйналат экенби ээ"- деп сүйлөнүп чарчаңкы чыгып бараткан экен
Борбордук базардан облустук филармонияны көздөй чыгып келе жаткан шаар тургундары
Облустун Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жаны, көпүрөнүн курулуш иштери башталган, бирок жээгине тосмо тосулган эмес. Окуучу балдар бири-бири менен ойноп кетип бул жерден ылдыйга түшүп кетпешине эч ким кепилдик бере албайт
Жүрүп жаткан курулуш иштерин карап турган шаар тургуну
Ош шаарынын Навои көчөсүнө курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери шаардыктар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды жаратууда. 
 
Эскерте кетсек, эстакадалык көпүрөнүн курулушуна капсула салуу аземи үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында болгон. Көпүрөнүн долбоорун иштеп чыккан адистер мэрияда өткөн аппараттык жыйында курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу 1,5-2 жыл аралыгында курулуп бүтөрүн билдиришкен. Демек, бул көрүнүш узакка созула тургандай...  

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: