super.kg logo

Чүйдө аял кишинин телефонун, курбусунун баштыгын күч колдонуп тартып алганга шектелип 3 жаран кармалды

 

Чүйдүн Жайыл районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү арыз менен 1977-жылы туулган О.В. аттуу жаран кайрылганэ. Себеби 17-ноябрь күнү белгисиз үч жаран (анын бирөө аял киши) эч себепсиз жаман сөздөр менен сөгүп, күч колдонуп телефонун тартып алышкан. Ошондой эле аны менен чогуу турган курбусунун баштыгын да алып кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы фактыга шектелип, 1987-жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Ж.Т., жана 1998-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калган экөө боюнча тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: