super.kg logo

Бишкектеги айрым мектептерде "теракт болот" деген билдирүүлөрдү 6-класстын окуучусу таратканы аныкталды

 

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарга мониторинг жүргүздү. Анын алкагында борбор калаадагы айрым орто мектептерде террордук актыларды жасоо коркунучу бар делинген бир нече видеолорду жайгаштырган Тик-Ток колдонуучусу аныкталды.

Комитеттин маалымат кызматынан белгилешкендей, видеолордун автору орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, 2009-жылы туулган Т.А.Ч. экени аныкталды.

Бул факты 246-берененин 1-бөлүгү (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жазык кодекси мындай “тамашаларды” кылмыш катары квалификациялайт. Комитет террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын эскертет", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.11.2021. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теракт деп тамашалашпай эле кой мынтык атышты билбеген бир чимкирк ушу сен теракт эмес коронду жакшылап шыпырып ал сага окшогондон теракт чыкпайт сенден жалкоо арам ойу бузук лох же законду билбеген же шариятты билбеген бир жинди чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: