Баткенде Кыргыз жана Өзбек жарандары кармалды. Алар өлкөдөн дары-дармек алып чыгууга аракет кылышкан



Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан дары-дармектер аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, дары каражаттары Өзбекстанга алынып бара жаткан.
"Айдаркен пунктунан чек арачылар менен УКМКнын кызматкерлери Chevrolet Spark унаасын токтотушту. Анда Кыргыз жана Өзбек жарандары мыйзамсыз жүк алып бара жатканы белгилүү болду. Тагыраагы, унаада 380 таңгактагы дары каражаттары болгон. Алынган жүктөрдүн тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.
Бул факты боюнча протокол толтурулуп, тергөө үчүн кармалган жарандар менен дарылар тиешелүү мекемеге өткөрүлдү", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.