Швецияда алгачкы жолу премьер-министр кызматына аял киши шайланды
Швециянын парламенти шаршемби күнү өлкөнүн Социал-демократиялык эмгек партиясынын лидери Магдалена Андерссонду премьер-министрликке бекитти. Ал өлкөнүн министрлер кабинетин жетектеген биринчи аял болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, депутаттардын жарымынан азы анын дайындалышына каршы болгон. "174 гана адам каршы добуш бергендиктен, парламент Магдалена Андерссонду премьер-министрликке колдоду", - деген спикер Андреас Норлен. Швед мыйзамына ылайык, 175 депутат каршы болсо, талапкер өтпөй калмак.
Андерссон 54 жашта. Ал акыркы жети жылдан бери Финансы министрлигин жетектеп келген. Саясий карьерасын 1996-жылы премьер Горан Перссондун кеңешчиси болуу менен баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.