super.kg logo

Сокулукта 26 жаштагы жаранды ур-токмокко алган деген шек менен 3 адам кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда бейбаштык менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринен жаракат алып түшкөн адам тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча дароо ыкчам-тергөө тобу барганда арыз менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылынын 1995-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну кайрылган. Ал 30-сентябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында аны Төмөнкү Чүй айылынын маданият үйүнүн жанынан бейтааныш балдар сабап кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 2000-жылы туулган Ж.Б., К.Э., жана К.Т. аттуу жарандар кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: